|
Налог акцизный
|
|
АКЦИЗ САЛЫГЫ – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу, же КР аймагында кумар-оюн бизнесин ишке ашырып жатышкан баардык жеке жана юридикалык жактар А.с-нын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. А. с. алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти; б) арак; в) ликер-арак азыктары; г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар; д) шараптар; е) коньяктар; ж) шампан шараптары; з) пиволор; и) шарапазыктары; к) тамеки буюмдары; л) курамында тамеки бар башка буюмдар; м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар; н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка); о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б.; п) таза териден жасалган кийим-кечелер; р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар; с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары; т) мунайзат продуктары; у) кофе жана какао; ф) килем жана килем буюмдары кирет.
|